Шайлообек Атазов: «Атамбаевдин кылмыш иштери токулган болсо, акталыш керек»

14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 3,5 жылдан кийин абактан чыкты. Бул окуя коомчулукта талкууга алынып турган кези. Ал эми депутаттардын ою кандай?

Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. «Президент учурунда мыйзамдарды бузуп, туура эмес чечим кабыл алган болсо, жооп бериши керек. Токулган кылмыш иштер болсо акталышы керек»,- деди ал.