Атазов: «Биз сотко кайрылып, «жыйынтыкты жокко чыгаргыла, же талапкерди алгыла» деп жатабыз»

Биз сотко кайрылып, «Төлөйкөн шайлоо округундагы жыйынтыкты жокко чыгаргыла, же талапкерди алгыла» деп жатабыз. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов билдирди.

«Биздин талап, Алимбековду четтетүү, кайра шайлоо дайындоо же бюллетендерди кайра саноо. Чек менен протоколдорду эмес, бюллетенди көрсөтүп санашсын», — деди ал.