Шайлообек Атазов: «Жакында боло турчу шайлоо тополоңго айланганы турат»

«Өлкө башчы «шайлоо таза өтсүн» деп, «шайлоону элге бергиле» деп БУУга чыгып айтып жатат. Ошого карабастан, Атамбаевди, Жээнбековду саткан саткындар бүгүн да бийликтин партиясына кирип алып, жайыттарды саткан, жерлерди саткан коррупционерлер шайлоого аттанышты». Мындай оюн парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

«Жакында боло турчу шайлоо дагы тополоңго айланганы турат. Ошондуктан шайлоо комиссиясынын башчысы келип, маалымат берсе. Элчилер менен кандай иштеп жатат? Мигранттардын укуктары эмне болду? Шайлоонун жыйынтыгын тополоңсүз бере алабы? Маалымат беришсин», — деди ал.