«Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад боюнча чечим кабыл алууга мораторий жарыялай турууну сунуштады. Бул демилгеге карата башка депутаттардын пикири кандай экенин сурадык.
Депутат Шайлообек Атазов бул жакшы сунуш экенин айтты. «Жакшы сунуш. Колдоого алса болот», — деди ал.