Атазов: «Мандатты кайсы бир орган менен коркутуп, алганыбыз уят»

Депутаттык мандатты кайсы бир орган менен коркутуп алганыбыз уят. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов билдирди.

«Сатып алам, коркутам деген бул өткөн этап. Бүгүнкү күндө калың элдин колдоосуна ээ болуп келип, анан отурушубуз керек. Башка жолдорду уюштуруп, парламентке бара турган болсок, абийирибизге доо кетет. Ар бир айылга барып сурайлы ким акча берди, ким ак чыкты», — деди ал.