Шайлообек Атазов: «Мен БШКга сөз тийгизбейм. Бирок…»

Борбордук шайлоо комиссиясы жакшы эле иштеп атат. Мен ага сөз тийгизбейм. Ошол эле учурда БШКга биздин округдагы добуш сатып алуу боюнча видео фактыларды көрүп туруп, анан чечим чыгарыңыздар деп жатабыз. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов билдирди.

«Алар болсо, укук коргоо органдарынын айтуусу боюнча чечим кабыл алганга аракет кылып жатышат. Бүгүнкү күндө 3 кайрылуу, 1 кылмыш иши жатат. БШКга 3-декабрда кайрылганбыз. Бүгүнкү күндө талапкердин үстүнөн кылмыш иши козголду. Ушуларды БШКнын мүчөлөрү карасын», — деди ал.