Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов эмгек өргүүгө чыгыштыбы? Расмий жооп

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов эмгек өргүүгө чыгып кеткенин, алардын ушундай жол менен мандатын сактап калууну көздөп жатканын жазып жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Жогорку Кеңештин маалымат кызматына байланышканыбызда, маалыматты тастыкташып, Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновдон акча төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу боюнча арыз түшкөнүн билдиришти. Бирок кайсы убакытка чейин экенин такташкан жок. «Шайлообек Атазов ден соолугуна байланыштуу, ал эми Айбек Осмонов үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу деп арыз жазган»,- дешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов “Азаттыкка” берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин айтты. Ал чет жакка чыгып кетишинин саясий негизи жок экенин, бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге да маалымат бергенин билдирди. Ал эми редакция Шайлообек Атазов менен байланыша алган жок.