Шайлообек Атазов өчүрүлгөн посту тууралуу: «Адилеттүү нерселер жазылып келген, жазыла берет»

Мен Башкы прокуратурага парламентте да, түз эфирлерде да кайрылып жатам. Ош шаарындагы прокуратуранын ишин мыйзамдуу кыскарттыбы же сүйлөшүүлөргө бардыбы мыйзам чегинде көзөмөлдөп коюңуз деп. Башкы прокуратуранын мурдагы иштерине салыштырмалуу азыркы ишин эл көрүп жатат. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов билдирди.

«Менин атымдан ачылган 4 аккаунт бар. Менин Фейсбук баракчамды эртеден кечке өзүм көзөмөлдөбөйм, жардамчыларым жарыялап коюшат. Андагы макалаларымдын бардыгын ким карап чыккан болсо, тарыхты карасын. Баары адилеттүү жазылып келген, жазыла берет», — деди ал.