Шайлообек Атазов прокуратурага чакыруулар боюнча: «Менимче ал маселе бүттү»

Прокуратура тарабынан кайра-кайра телефон чалуу, чакыруулар болду. Мен сот иштери менен жетишпей жүрүп, кечээ бардым. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгына Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов билдирди.

«Ал олуттуу деле маселе эмес экен. Бир окуя боюнча күбө катары өттүм. Күбө катары суралдым, келе бердим. Менимче ал меселе бүттү, чалуулар болбойт. Бул саясий талаабыздагы тирешүүгө негиз болуп, тереңдеп кетсе, дагы маалыматтарды берем», — деди ал.