Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу «кустурат, кийин коё беришет» деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга «Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Шайлообек Атазовдун айтымында, буга тиешелүү органдар баа берет. «Бул иш аягына чыга элек да. Кармалыптыр, сөзсүз баа берилет деп эсептейм»,- деди ал.