Шайлообек Атазов: «Вазир жакшы, хан жакшы. Ташиев жакшы кадр»

«Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга президенттин командасы тууралуу суроо менен кайрылууну чечтик. Буга президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун соцтармакта негизсиз караланып жатат деп айтканы түрткү болду.

«Күчтүү кадр болсо, күчтүү өлкө дейт. Кадр баарын чечет. Президент кадр маселесинде акыркы жылдарда жакшы тандоолорго барып жатат. Вазир жакшы, хан жакшы дейт, укук коргоо органдарында Ташиевди көрүп жатасыңар. Жакшы кадр деп эсептесек болот. Юстиция министри мыкты бала. 3-4 такыр иштебей жаткан министр бар. Экология, транспорт, айыл чарба министрликте иш болбой жатат», — деди депутат Шайлообек Атазов.