Шайлоочулардын 81,25 пайызы президенттик башкарууга добуш беришти

Кечээ, 10-январда президенттик шайлоо менен катар өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү. БШКнын маалыматында, референдум боюнча 1 миллион 376 миң 958 шайлоочу добуш берди. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча, шайлоочулардын 81,25 пайызы президенттик башкарууга добуш берген. Ал эми 10,87 пайызы парламенттик башкаруу үчүн добуш берсе, 4,43 пайызы баарына каршы добуш таштаган.