Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерден бюджетке 147 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. 10-ноябрга карата 467 талапкер катталган, алардын ичинен 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан. «Талапкерлердин жалпы саны 460 болду. Бул шайлоодо 300 миң сом өлчөмүндөгү күрөө түшүнүгү киргизилди. Натыйжада күрөөлөрдүн жалпы суммасы 147 миллион сомду түздү», — деп билдирди ал.
Президент менен жолугушуу: Кара-Суу базарынын иштеши негизги темалардын бири болду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды түйшөлткөн суроолорго жооп...








