«Шайлоонун мамлекеттин турмушунда таасири чоң». Талапкер Абдыкадыр уулу Бектур добуш берди

Бүгүн, 27-февралда Биринчи Май шайлоо округунан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Абдыкадыр уулу Бектур жарандык милдетин аткарып, өз добушун берди.

«Шайлоонун мамлекеттин турмушунда аябагандай таасири чоң. Өз жарандык милдетимди аткардым. Шайлоочулардын шайлоого катышуусу мен ойлогондой активдүү болот деп ишенем», — деди ал.