«Шайырбек Ташиев эч кандай Ноокаттан алтын казбай эле экен». Садыр Жапаров Шамбесай алтын кени боюнча үн катты

«Кабар» өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, акциздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу сөз болду.

— Шамбесай алтын кени иштетилбей турганы тууралуу маалым болду. Мындай чечимге эмне түрткү болду? Элдин арасынан бир эже Ноокат районунда бир алтын кенди Шайырбек Ташиев казып жатат экен. Ошону дагы токтотуп бериңиз деп суранды эле. Ал кен боюнча кандай чечим болду?

— Шамбесай кени боюнча эки ай мурда лицензиянын ээлери келип, кенди казууга бардык уруксат кагаздарыбыз бар, кенди казалы десек жакын жерде жашаган айылдыктар каздырбай жатышат. Алардын аркасында шыкактаган бирөө бар дешкен. Айылга зыяны жокпу? Эгер айылга зыяны жок болсо, цианид колдонбосоңор анда иштетсеңер болот дедим эле. Ал аңгыча айылдын ак сакалдары кабыл алуумду суранышкан экен. Аларды кабыл алып уксам, иш башкача өңдүү сезилди. Мен өзүм барып көрүп анан чечим кабыл алалы деп токтотуп койгом.

Бир аптадан кийин тик учак менен барып көрсөм, чындап эле айылдын үстүндө болгону 100 метр аралыкта турат экен. Дароо болбойт деген чечим кабыл алдым. Ал эми Шайырбек Ташиев Ноокаттан алтын казып атат деген маалымат боюнча келерим менен текшергилечи деп тапшырма берсем, Шайырбек Ташиев эч кандай Ноокаттан алтын казбай эле экен.