Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча фракция лидерине кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Бүгүн, 26-январы күнү Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түштү. Мындан сырткары, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселе фракциянын жыйынында каралат», — деп жазылат билдирүүдө.

23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшыра турганын айткан.