Шайлоо эрежелери бир канча шарттар менен өзгөрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов буга чейин бир нече жолу көтөрүп, айтып жаткан мыйзам долбоору кечээ, 21-октябрь күнү биринчи окууда кабыл алынды. Тагыраагы 83 депутат колдоду. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Сулайманов сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, биринчиден, Форма №2 жокко чыгарылат, экинчиден, шайлоо күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азаят, үчүнчүдөн босого чени 7 пайыздан 3 пайызга түшөт. Өз учурунда шайлоо эрежелеринин мындай шартта өзгөрүшү парламентке көп сандагы партиялардын келишине жол ачат.

Өткөн аптада дал ушул мыйзам долбоорунан улам Алтынбек Сулайманов менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбековдун ортосунда чыр чыккан.

Депутат Жанар Акаев кыска убакыт аралыгында жогорудагы мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу керектигин да сунуш кылды.