Шакиев: “1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары акталышы керек”

Жогорку Кеңештин жыйынында 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Жанарбек Акаев, Чолпон Султанбекова, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков жана Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген.

Жыйында кабыл алынган мыйзам долбоору өтө маанилүү экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Бул саясий репрессиянын курмандыгы болуп, жапа чеккен ата-бабаларды актоого багытталган тарыхый чечим. Аталган чечим мурда эле кабыл алынышы керек болчу. Алсак, коңшу өлкөлөр жыл сайын репрессиянын курмандыгы болгон ата-бабаларынын ысымдарын актап жатышат. Тилекке каршы биз 30 жыл ичинде бүгүнкүдөй алгылыктуу чечимди кабыл албай келгенбиз”, – деди.