Шакиев: «2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышын Жогорку Кеңеш толук көзөмөлгө алат»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2024-жылга карата кабыл алынган бюджет жөнүндө мыйзам өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Мыйзамды кабыл алуу учурунда депутаттар айткан бардык сунуш-пикирлер Министрлер кабинети тарабынан эске алынып, анын аткарылышын Жогорку Кеңеш толук көзөмөлгө аларын айтты.