Шакиев: “Айыл-кыштактарга адамдардын ысымдарын ыйгаруудан алыс болушубуз керек”

“Айыл-кыштактарга адамдардын ысымдарын ыйгаруудан алыс болушубуз керек. Мындан улам, ызы-чуу көп болуп жатат”. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев административдик-аймактык реформаларга байланышкан мыйзам долбоорлорун кароо учурунда билдирди.

“Мисалы Аксы районундагы ар бир айыл өкмөткө тарыхый жер-суулардын аталыштары, тагыраагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Кош-Дөбө өңдүү ысымдар ыйгарылды. Эч кандай нааразычылык болгон жок. Ал эми адам аттары ыйгарылган жерлерде сөзсүз ычы-чуу чыгат. Анткени, кыргыздын мыкты уул-кыздары арбын. Алардын баарынын ысымдарын ыйгарууга айыл-кыштактарыбыз жетишпейт”, – деген Нурланбек Шакиев административдик-аймактык реформаларды ишке ашырууда аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.