Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстандагы расмий иш сапары Астана шаарындагы «Мекен коргоочулар» монументине гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Көп улуттуу Казакстан мамлекетинин биримдигин даңазалаган аталган монумент 2001-жылы ачылган.
Делегациянын курамында депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев бар.