Шакиев Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган мааракелик жыйынга катышты

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын Милли Межлисине барып, аталган өлкөнүн жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган мааракелик жыйынга катышты. Жыйынды Милли Межлистин төрайымы Сагиба Гафарова ачып, андан соң башка өлкөлөрдүн парламенттеринин делегация башчыларына сөз берилди.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев улуу мамлекеттик ишмердин өмүр жолуна токтолуп: “Дарак жемиши менен, адам иши менен баалуу” дегендей, Гейдар Алиев боордош Азербайжан элинин келечеги үчүн үзүрлүү эмгектенген. Көптөгөн кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү жеңип, өзүнүн талыкпаган аракетинин аркасы менен өлкөсүн өнүктүргөн. Айрыкча Азербайжандын экономикасынын алдыга жылуусу Гейдар Алиевдин ысымы менен тыгыз байланышта”, – деди.

Муну менен катар Гейдар Алиев Азербайжандын гана эмес, мурдагы Совет өлкөсүнүн, бүткүл түрк дүйнөсүнүн соңку тарыхында терең из калтырган дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана саясатчы экенин белгилеген Нурланбек Шакиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы Гейдар Алиевге тарыхый жана легендарлуу инсан катары баа бергенин эске салды.

“Кыргыз элинде “Аккан арыктан – суу агат” деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев “Атанын уулу” деген сөздү бийик тутуп, атасы баштап кеткен ишти ийгиликтүү улантууда”, – деген Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын жана парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду.