Шакиев Азербайжанда түрк тилинде сүйлөдү

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын Милли Межлисине барып, аталган өлкөнүн жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган мааракелик жыйынга катышты.

Нурланбек Шакиев Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн жыйында улуу инсандын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал сөзүн түрк тилинде да улантып: “Кыргызда “Жамгыр жааса – жер ырысы, баатыр туулса – эл ырысы” деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, Азербайжан эли Гейдар Алиевдей улуу адамы, дүйнө жүзү боюнча кадыр-баркка ээ болгон таанымал лидери менен сыймыктанып, “Элибиздин баатыры” даңазалашарын белгилегим келет”, – деди.