Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

15:30 06.06.2024
0
Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев ушул жылдын апрель айындагы президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкө ортосундагы байланыштардын жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүктүн пайдубалы түптөлгөнүн белгиледи. Муну менен катар жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттер аралык диалогдун да мааниси чоң экенин айткан төрага: “Жогорку Кеңеш менен Милли Межлистин ортосунда калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүп, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди.

Андан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолду. “Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Айрыкча, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, – деди төрага.

Жолугушууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да көтөрүлүп: “Бул жаатта да алгылыктуу иштер аткарылууда. Ушул жылы Баку шаарында Кыргызстандын биринчи Маданият күндөрү уюштурулуп, бир туугандыкты жана достукту даңазалаган маанилүү иштер өткөрүлдү. Мындан ары да аталган багытта тыгыз иш алып барып, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүбүз керек. Анткени, маданий алакалар эки элдин жакындашуусу үчүн өтө зарыл”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевди жылуу кабыл алып, бул расмий сапар байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына токтолгон Ильхам Алиев Кыргызстанга жасаган расмий сапарындагы урунттуу учурларга токтолду. Тагыраагы, буга чейин Азербайжандын атынан Кыргызстанда мектеп ачылса, жакында эле Кыргызстандын атынан Азербайжандын Хыдырлы айылына жаңы билим уясынын пайдубалы түптөлгөнүн кошумчалады. “Буйруса аталган билим берүү мекемелери боордош эки калктын ортосундагы терең байланыштын символу катары таанылып, келечек ээлери үчүн кызмат кылат деген үмүттөмүн”, – деди Азербайжандын президенти.

Ошондой эле улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу да сөз кылып, быйыл Баку шаарында залкар жазуучунун элеси түшүрүлгөн эстелик ачылганын эске салды. “Чыңгыз Айтматов кыргызга гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө таандык улуу калемгер. Андыктан азербайжан эли калемгердин чыгармачылыгын жогору баалайбыз”, – деп кошумчалады. Муну менен катар Ильхам Алиев Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 миллион доллардан 100 миллион долларга чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганын белгилеп, биргелешип ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу да сөз кылды.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 11.03.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө...

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:14 10.03.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Баткенде бир түндө бир нече уурулук кылууга шектелген өспүрүм кармалды

Баткенде бир түндө бир нече уурулук кылууга шектелген өспүрүм кармалды

15:31 11.03.2026
УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

18:13 11.03.2026
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү