Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Талас облусундагы иш сапарынын алкагында билим берүү жайларынын абалы менен таанышты. Алгач ал Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын абалынан кабар алып, түзүлгөн шартты көрүп чыкты.
Аталган мекеме 1972-жылы уюштурулуп, 1926-жылы курулган имаратка жайгаштырылган. Экинчи окуу корпусу да 1939-жылы салынып, үчүнчү окуу корпусу 1960-жылы курулган имаратта орун алган. Бүгүнкү күндө акыл-эси жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 120 окуучу тарбияланып жаткан мектеп-интернаттын имаратын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарыл. Мекеменин абалы менен таанышып чыккан Нурланбек Шакиев суу сактоочу кампаны жаңыртууга жардам катары 300 миң сом тапшырып, кир жуучу машина, муздаткыч өңдүү тиричилик жабдууларын белек кылды.
Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Арашан орто мектебине барды. Аталган мектеп дагы 1915-жылы, 1988-жылы жана 1989-жылдары салынган имараттарда жайгашып, азыркы тапта 244 окуучу үч нөөмөт менен билим алат. 2022-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда экендиги аныкталып, 225 орундуу эки кабат мектеп куруу мерчемделген. Айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар менен өткөрүлгөн жолугушууда Нурланбек Шакиев мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп: “Республика боюнча ушундай эски мектептерди жаңыртуу багытында көп иштер жасалууда. Быйыл 100 мектеп ишке кирсе, кийинки жылы да көптөгөн билим берүү жайлары салынат. Андан тышкары, агартуучулардын айлык маянасы да жогорулатылды. Албетте бул чек эмес. Өлкөбүздө жүргүзүлгөн реформалардын аркасынан дагы көп иштер жасалат. Бирок биздеги негизги көйгөй, билим берүүнүн сапатынын начардыгы. Андыктан, мектептерди салуу менен гана чектелбей, окутуу усулдарын да жаңылап, заманбап программаларды иштеп чыгуу аркылуу билим берүүнүн сапатын арттырышыбыз керек”, – деди.
Пакистандагы элчиликтин эмгек жамааты Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине ага ишенип тапшырылган чет өлкөдөгү мекемесинде өзүнө “хандык” уюштуруп, өз каалаганын жасап...
Кечээ, 27-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги III сессиясы жыйынтыкталды. Жыйындын соңунда төрага Нурланбек Шакиев кеңири баяндама жасап, сессия алкагында...
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тотуяев Уланбек Асанкулович жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы...
Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин VII сессиясынын иши жыйынтыкталды. Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады. Конституциянын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине...
Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын...