Шакиев депутаттардын сурагы боюнча: «Бул реакциясы жок калбайт»

«2 депутатыбыздын Башкы прокуратурада суралганы боюнча мен дароо реакция кылып, Башкы прокурорду чакырдым». Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев билдирди.

«Башкы прокурор аймактарда экен. Келери менен сүйлөшөбүз. Ким болбосун маселе мыйзам чегинде болушу керек. Депутаттар боюнча сөз болуп жатканда бул өтө олуттуу маселе. Сөзсүз түрдө суралат. Жооп берет, айтат. Эч кандай реакциясы жок калбайт. Ал эми аша чапкандыгы боюнча депутаттардын алдында жооп берет», — деди ал.