Шакиев: «Эл жоопкерчилик бир кишиге жүктөлгөн акыркы Баш мыйзамды тандады»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституция күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
«Кылым карыткан кыргыз эли каада-салтка негизделген эреже менен жашап, узак жолду басып өттүк. Эркиндик элибиздин башкы чакырыгы болуп, Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мураскерлери катары көз карандысыздыкка умтулуп келдик. 1991-жылы ата-бабаларыбыз эңсеген эгемендик кайрадан колубузга тийип, мамлекетибиз түптөлдү. 1993-жылдын 5-майында тарыхый баалуулуктарыбызга жана жаңы багытыбызга шайкеш келген алгачкы Баш мыйзамыбызды кабыл алдык. Ошол 30 жыл мурун кабыл алынган Конституциябыз өлкөбүздүн көз карандысыз, өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болгонун баса белгилейм.
30 жыл аралыгында ар түрдүү жагдайлардан улам Баш мыйзамыбыз бир канча өзгөртүүлөргө дуушар болду. Айрым учурда бийликтеги кайсы бир топтордун кызыкчылыгына ылайык, алмаштырылып келгени да жашыруун эмес. Анткени менен эркиндикти сүйгөн элибиз, жоопкерчиликти бир кишиге жүктөп, бир багытты көздөгөн акыркы Баш мыйзамды тандады. Натыйжада, демократиялык баалуулуктарды камтыган, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарыбызга негизделген жаңы Конституциябыз ишке кирди.
Баш мыйзамыбызга киргизилген түзөтүүлөрдүн жемиши азыртан байкалып, саясий-экономикалык багытта ири реформалар, жакшы өзгөрүүлөр болууда. Албетте, бул чек эмес! Бардыгыбыз мыйзамга баш ийген укуктук мамлекетти калыптандырууну улантышыбыз керек. Түндүктү көтөргөн ууктардай, эгемен мамлекетибизди биргелешип көтөрүп, өнүктүрүүбүз кажет», — деп жазылат куттуктоодо.