Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Панфилов районундагы «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Кайыңды шаарында жайгашкан кант заводу 1963-жылдан бери кумшекер өндүрүп келет. 2012-жылы заводдун тетиктери жаңыланып, өндүрүштүн сапатын жакшыртуу багытында алгылыктуу жумуштар жасалган. Учурда ишканада миңден ашуун кызматкер эмгектенип, Кант шаарындагы завод менен бирге республиканы кумшекер менен 60 пайызын камсыздайт. Муну менен катар өндүрүштөн чыккан калдыктар малга тоют катары даярдалат. Тилекке каршы заводдо чийки заттын жетишсиздиги курч. Чүй облусунда өстүрүлгөн кант кызылчасынан тышкары, Талас облусунан да ташылып келинет. Бирок коңшу өлкө аркылуу темир жол менен ташууда көйгөйлөр бар экендигине байланыштуу азыркы тапта Таласта эки миң тоннадан ашык кызылча кармалып турат. Натыйжада чийки заттын жетишсиздигинен заводдун иши үзгүлтүккө учурап калуу коркунучу бар.