Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Баарлашууда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун абалы жана келечеги талкууланып, андагы парламенттердин ролу тууралуу сөз болду. Касым-Жомарт Токаев ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын ишине жогору баасын берип, жамааттык коопсуздукту камсыздоо багытында кабыл алынып жаткан моделдик актылардын маанилүүлүгүнө токтолду.