Шакиев: «Жоолукка эч кандай чектөө болбойт»

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев жаңы сунушталып жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди.
Аталган мыйзам долбоорунун айланасында да ар кандай кептер айтылып жатканын белгилеген төрага: “Бизде башынан дин иштерине мамлекет аралашпайт. Мыйзам долбоорун да Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын адистери жана аалымдар өздөрү даярдап келишет. Андан кийин биз карап чыгабыз. Алдын-ала эле жоолукчандардын жоолугун чечтирет экен, дааватты токтотот экен деген сыяктуу чектөөлөрдү айтып жатышат. Жоолукка эч кандай чектөө болбойт. Салтыбызда да, динибизде да кыз-келиндерибиз, апаларыбыз жоолук салынган. Андан тышкары, дааваттын жардамы менен эл арасындагы аракечтик, баңгилик, сойкулук өңдүү терс көрүнүштөр жоюлуп келген. Бирок баардыгы ирээти менен болушу керек. Андыктан, мыйзам менен ирээтке салынат”, – деди.