Шакиев Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Хива шаарында Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн II парламенттер аралык форумунун алкагында өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Казастандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Алгач V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп жаткандыгы үчүн Казакстан тарапты куттуктаган төрага 2012-жылы биринчи жолу Кыргызстан тарабынан демилгеленип, өткөрүлгөн бул иш-чаранын башкы чакырыгы “Күч биримдиги! Рух биримдиги!” экенин айтып, Көчмөндөр оюну дүйнөдөгү тынчтыкты, мамлекеттер аралык достукту жана тыгыз байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзсүн деген тилегин билдирди.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев бир тууган эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экенин белгиледи. «Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин кызматташтыгын улантуу – бул ата-бабаларыбыз бизге калтырган баалуу вазыйпа. Бүгүнкү жолугушуу боордош элдерибиздин достук мамилелерин, айрыкча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кошумча түрткү берет деп ишенем”, — деди төрага. Муну менен катар ал кыргызстандык эмгек мигранттарынын Казакстанда жүрүү маселесине байланышкан жагдайлар оң тарапка чечилгенин белгилеп: “Эки өлкөнүн жарандары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан да ээн-эркин өтүүдө”, – деди жана мында эки өлкөнүн парламенттеринин кошкон салымы чоң экенин кошумчалады. Андан тышкары, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган Жогорку Кеңештин төрагасы аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүүнү жана чек арага чектеш облустардын ортосундагы байланыштарды тереңдетүүнү сунуштады.
Ал эми Маулен Ашымбаев да эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган пикирлери менен бөлүшүп, алардын айрымдарына токтолду. Тактап айтканда, президент Садыр Жапаровдун апрель айында Казакстанга жасаган расмий сапары кызматташтыктын тереңдешине жана өнөктөштүктүн өрчүшүнө өзгөчө өбөлгө түзгөнүн билдирди. Мындан тышкары, сенат төрагасы Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгилеп, каада-салты, үрп-адаттары, тили, дини окшош эки элдин мамилесин арттыруу негизги максат экенин кошумчалады. Жолугушууда тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселесине басым жасашты.
Тагыраагы, сенаттын төрагасы Борбор Азия мамлекеттеринин кезектеги III Парламенттер аралык форумун Кыргызстанда өткөрүү чечими үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Казакстандын демилгеси менен 2023-жылы I Парламенттик форум Түркстан шаарында өткөнүн эске салды. Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу Парламенттер аралык уюму катары анын ишин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бул форумду өткөрүүнүн так механизмин иштеп чыгууну сунуштады.
Аймактык кызматташтык маселеси тууралуу да кеңири кеп кылган Нурланбек Шакиев жакында Парижде өткөн Олимпиадада Борбор Азия мамлекеттеринин спортчулары биримдиктин жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүшкөнүн мисал кылды. “Биздин спортчуларыбыздын достугунун жана өз ара колдоосу башка өлкөлөрдүн чындап суктануусун пайда кылды”, – деди төрага. Ал эми олимпиадалык оюндар темасына токтолгон Маулен Ашымбаев Кыргызстандын спортчуларынын ишенимдүү жеңиштерине гана эмес, жалпы өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө да көңүл бурду. “Кыргыз мамлекетиндеги акыркы жаңыланууларга жана жетишкендиктерге биз күбө болуп жатабыз. Булардын бардыгын биз жакшылыктын жышааны деп эсептейбиз жана муну өзүбүздүн жеңишибиздей кабыл алып, кубанабыз”, – деди.
Жолугушууга депутаттар Чыңгыз Ажыбаев, Гүлкан Молдобекова жана Шарапаткан Мажитова катышты.