Шакиев Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана башка чакырылган коноктор катышты.

Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин (Легендарлуу парламент) экс-төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов 1993-жылы биринчи Конституциянын кабыл алынышы кыргыз малекетинин тарыхында түбөлүк кала турган маанилүү окуя экенин белгиледи.

“1990-жылдын 15-декабрында Легендарлуу парламент тарабынан Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө Декларация – эгемендүү Кыргызстандын башатын, пайдубалын түзгөн эң жогорку документ кабыл алынган” деген Медеткан Шеримкулов 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация, биринчи Конституция – аталган Декларациянын түздөн-түз уландысы болуп саналарын айта кетти.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхына токтолуп: “Бир нече жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, мындан 30 жыл мурун Баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн тарых бетинде кала берет. Анткени, 1993-жылы 5-майда эгемен Кыргызстандын жаңы багытына чыйыр салган алгачкы Конституция ишке кирген”, – деди.

Муну менен катар 30 жыл аралыгында Конституция 9 жолу өзгөртүлгөнүн эске салган төрага: “Албетте, мезгил талабына жана жаңы чакырыктарга ылайык, өзгөрүп турушу кажет. Бирок башкы маселе анын багытында жана көздөгөн максатында. Анткени көпчүлүк учурда баш мыйзамыбыз айрым жетекчилердин жана саясий топтордун жеке кызыкчылыгына карата жаңыланып келгени жашыруун деле эмес. Бирок акыркы референдумда калкыбыз мамлекеттеги бардык жоопкерчиликти бир кишиге жүктөгөн баш мыйзамды колдоп, мурдагыдай башаламандыкка чек коюлду”, – деди.

Муну менен катар азыркы Конституцияда адам укугуна жана сөз эркиндигине байланышкан бардык талаптар бекем сакталганын айткан Нурланбек Шакиев бул жаатта Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу алдыда экенин белгиледи.

“Орок оро албаган орок тандайт” – деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, мыйзамдын жаманы болбойт, жаман мыйзамды да жакшы кылып иштетип кетиш ар бир жетекчинин, адистин жана жарандын колунда”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.