Шакиев Кошановго «эки өлкөнүн ортосунда эч кандай маселе жок» деди

Төрага Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы алакаларга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.

Нурланбек Шакиев саясатта да, экономикалык багытта да эки өлкөнүн ортосунда эч кандай маселе жок экендигин, эл аралык алкакта да Кыргызстан менен Казакстан бири-бирин колдоп келе жаткандыгын белгиледи. «Айрыкча мамлекет башчыларынын тыгыз байланышы парламенттер жана өкмөттөр аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө», — деген Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттеги тармактык комитеттердин биргелешкен отурумдары жана Аппараттардын тажрыйба алмашуу өнөктүгү жигердүү жүргүзүлүп жаткандыгын мисал кылды. Сөзүнүн соңунда Мажилистин төрагасы Ерлан Кошановду Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Жогорку Кеңеш менен Мажилистин ортосундагы кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин айтып, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө тармактык комитеттердин жолугушуулары оң таасир берип жатканын эске салды. Ошондой эле жаңы чакырылыштагы Мажилисте алгачкы депутаттык топ Кыргызстан менен кызматташуу багытында түзүлгөнүн мисал кылды. «Эки элдин ортосундагы мамлекеттер аралык байланыш башка өлкөлөр үчүн үлгү болушу керек», — деген Ерлан Кошанов Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалы эске алуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.