Шакиев: “Кыргызстандагы жаңылануулардын бардыгы Жогорку Кеңештин колдоосу менен ишке ашып келет”

Кечээ, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Алгач кыргыз парламентинин 85 жылдыгына арналган тасма көрсөтүлүп, андан соң төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Тагыраагы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи чакырылышы 1938-жылдын октябрында өз ишин баштаганын эске салган төрага: “Жогорку Кеңештин 85 жылдык тарыхы эгемендикке умтулган кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш. Совет доорундагы жана эгемен Кыргызстандагы жаңылануулар, өзгөрүүлөрдүн бардыгы Жогорку Кеңештин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып келди. Айрыкча Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы алгач парламент тарабынан тастыкталып, эгемендигибизди далилдеген чечимдердин бардыгы депутаттар тарабынан кабыл алынды”, – деди.

Муну менен катар 85 жылдык маарекеге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилеринин катышып жаткандыгы да бекеринен эмес экенин белгилеп: “Анткени, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алгачкы жыйыны 1992-жылдын 16-17-сентябрында Бишкек шаарында өткөн. Ассамблея чейрек кылымдан ашуун мезгил аралыгында жигердүү өнүгүп, тарыхый байланышы терең өлкөлөрдүн алакасын арттырууга кызмат кылды”,– деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын контролдоо багытында жигердүү иштеп келе жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Алдыбызда чоң пландар, ири жаңылануулар турат. Алардын баарын биз биргелешип ишке ашырабыз деген ишеничтемин. Жогорку Кеңеш мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган долбоорлордун башында туруп, эл аралык интеграцияны арттырууга арналган бардык демилгелерди колдоону улантат”, – деп кошумчалады.