Шакиев Мадумаров боюнча: «Өзүнүн бетине түкүрөт, эки жүздүүлүктүн чеги болот»

«Бизде демократия — бул оозуна келгенин сүйлөйт. Биздин бир ораторубуз дагы айтты «бул иш-чарага келбейт элем» деп, бирок келди. Катышып отурат. Мындай эки жүздүүлүктүн чеги болот» деди төрага Нурланбек Шакиев Конституциянын 30 жылдыгына арналган жыйында.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров 5-майды майрам деп эсептебей турганын жана бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан Конституция күнүн майрамдоого келгиси келбегенин билдирген.

«Мындай учурларды белгилеп коюшубуз керек. «Мен бийликке түкүрдүм» дейт, өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты. Өзүнүн бетине түкүрөт. Биз ушундай ачуу-таттууну айтып коюшубуз керек», — деди ал.