Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Шакиев алгач расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгиледи. “Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деген Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Орусияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 3,2 миллиард долларга жеткенин белгилеп: “Бирок бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан бул жаатта да кызматташтыкты кеңейтүү учур талабы”, – деди. Анын ичинен түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. Ошондой эле ар кандай себептерден улам Орусиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик Думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды.
Өз кезегинде Вячеслав Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36 пайызы орусиялык инвесторлорго таандык экенин мисал кылды. Айрыкча кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Орусиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамлекеттик Думанын төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын белгиледи. “Алакаларды арттырууда парламенттик кызматташтыктын да ролу чоң. Андыктан парламенттер аралык комиссиянын ишин активдештирип, жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди биргелешип чечүүгө аракет кылышыбыз керек”, – деди Вячеслав Володин.
Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Аталган жаңы норма 2026-жылдын январынан тартып күчүнө кирет. Регламент...
Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага...
Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...
БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү...