Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиядагы расмий иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанында орун алган Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Ал делегация мүчөлөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.
Жолугушууларга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышары күтүлүүдө.
Иш-сапар жемиштуу болуп, эки тараптуу жолугушуулар эки элдин ынтымагын чындап, достукту бекемдесин.
Достук мамилесин чыңдоо, элдердин биримдиги, ынтымактуулук түбөлүк болуп, бүткүл адамзаты тынчтыкта, өз ара түшүнүшкөн гармониялуу жашоодо жашай берели. Азыркы жашообуз үчүн жанын, канын аябаган түбөлүк белгисиз солдат аталган аталарга түбөлүк таазим! Алардын келечек үчүн жан аябай арнаган эрдиктери, баштарынан кечирген азаптуу, кайгылуу күндөру эч унутулбай, бардык адамзатын жогору жетелеген күч болсун, ар бирибизге адамдык сезим тартуулап, күндөн-күнгө ар бирибиздин адам болуубузга шык жаратып Канат болсун!