Шакиев «Санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу» деген форум өткөрдү

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси менен парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу” темасындагы форум өткөрүүдө. Аталган иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатышат.

Форумда сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев мезгил талаптарына ылайык акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү башкарууда, жарандарды тейлөө багытындагы мамлекеттик ишкана-мекемелерде, бизнесте санариптештирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп: “Мисалы санариптештирүү, билим берүүдө — электрондук окуу куралдарда, онлайн-курстарда, саламаттык сактоодо – медициналык анализдер жана алардын сакталышынын натыйжалуулугун камсыз кылууда жана башка көптөгөн тармактарда колдонулууда”, — деди.

Ошондой эле төрага санариптештирүү багытында Жогорку Кеңеште жүргүзүлүп жаткан иштердин катарында февраль айында парламенттик делегациянын Корея Республикасына болгон расмий сапарында Жогорку Кеңеш менен КОICA жетекчилеринин 2023-2027-жылдарга жалпы суммасы 8,4 миллион долларды түзгөн протоколго расмий кол коюлганын маалымдады.

Мындан тышкары төрага Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун ишинде оң жылыштар бар экенин белгилеп, аймактык борборлордун ишин жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады. “21-кылымда кызмат алуучулардын, кардарлардын эң маанилүү талаптарынын бири – бул ыкчам жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды алуу”, — деп жыйынтыктады ал.