Шакиев Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин жыйынына, ошондой эле X БРИКС парламенттик форумуна катышат. Андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков жана Бактыяр Калпаев бар.