Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдагы расмий сапарынын алкагында Кытай эл аралык институтуна караштуу Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча идеяларын изилдеген борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган борбор 2020-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин дипломатия темасына байланышкан теориялык жана практикалык багыттагы идеяларын изилдеп, аларды тактап, талкуулап, жайылтуу максатында түзүлгөн. Ошондой эле борбордо ири державанын эл аралык байланышын өнүктүрүүгө арналган маселелер иликтенет. Нурланбек Шакиев байыркы коңшу катары Кыргызстан Кытай менен калыптанган алакаларды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, борбордун Ардак коноктор китебине каалоо тилегин жазып калтырды.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...