Шакиев соңку 10 жылда жакырчылык азайып, айылда элдин жашоосу жакшырганын айтты

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында түзүлгөн жумушчу топтун кеңейтилген отурумуна катышты. Жогорку Кеңеште өткөрүлгөн жыйынга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Нурланбек Шакиев теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, калк турмушун жакшыртуу, глобалдык климаттын өзгөрүшүн чектөө өңдүү бир катар маселелерге токтолуп: “Азыркы ааламдашкан доордо Кыргызстан сыяктуу эле бардык мамлекеттер үчүн экономикалык өнүгүү, социалдык интеграцияны камсыздоо жана айлана чөйрөнү коргоо маселелери өзгөчө орунда турат. Бул жаатта 2015-жыл Бириккен улуттар уюмуна кирген 193 мамлекет туруктуу өнүгүү максаттарын камтыган милдеттенмелерди алган. Ага ылайык, биз алдыда көп иштерди жасашыбыз керек. Анын ичинен жакырчылыктын бардык түрүн биргеликте жоюу жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатка ылайык”, – деди. Ошондой эле 2013-2022-жылдар аралыгында жакырчылыктын улуттук чегинен төмөн жашаган калктын үлүшү 37 пайыздан 33,3 пайызга төмөндөгөнүн эске салып, анын ичинен айыл жергесиндеги калктын жашоосу жакшырганын кошумчалады.

“Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү элет жеринде жашарын эске алганда бул жакшы көрүнүш. Мындан ары да жакырчылыкты жоюу жаатында комплекстүү иштерди улантышыбыз керек. Айрыкча, калктын саламаттыгын чыңдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу да өзгөчө мааниге ээ. Себеби саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы экономиканын негизи”, – деген төрага 2015-2022-жылдар аралыгында Кыргызстанда 132 жаңы билим берүү мекемеси ишке берилгенин мисал кылды.

Мындан тышкары, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана чөйрөнү коргоо да негизги маселе экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Азыркы тапта жер шаарынын калкынын 40 пайыздан ашууну суунун жетишсиздигинен жапа чегишет. Тилекке каршы, мындай көйгөй дагы артышы мүмкүн. Буга байланыштуу Кыргызстан климаттагы өзгөрүүлөрдү токтотуу, суу байлыктарын сактоо жана жашыл экономиканы жайылтуу жаатында маанилүү демилгелерди көтөрүп, эл аралык коомчулук менен бирге иш алып барууга кызыкдар. Ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, энергиянын альтернативдик булактарын ишке киргизүү жаатында тыгыз иш алып баруу башкы максатыбыз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш Туруктуу өнүгүү максаттарына байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо жана алардын аткарышын көзөмөлдөө жаатында иш аракеттерди тынымсыз улантарын белгиледи.