Жгорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын шаарындагы иш сапарынын алкагында Салымбеков университетинин Билим берүү жана инновация борборунун ачылышына катышты.
Заманбап технологияларды, усулдарды киргизүү аркылуу билим берүү системасын өнүктүрүүнү көздөгөн Салымбеков университети 2019-жылы негизделген. Андыктан, окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу менен азыркы турмушка керектүү кесиптер боюнча нарындык жаштар үчүн билим берүүнү көздөгөн борбор бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.
Агартуу тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор келечек үчүн чоң инвестиция экенин төрага белгилеп, мындай окуу борборлорунун ачылышы өлкө үчүн өтө маанилүү экенин айтты. “Бул демилге башкаларга үлгү. Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш. Айрыкча, борбордон алыс жайгашкан аймактарда ушундай мекемелердин ишке берилиши колдоого аларлык”, – деди Нурланбек Шакиев.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...