Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды. Аны Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркмөнстандын Межлисинин төрагасынын орун басары Гахрыман Розыев баштаган жетекчилер тосуп алды.
Алгач Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. 5+1 форматында уюштурулган мындай форум былтыр биринчи жолу Корея Республикасында өткөн. Ашхабаддагы кезектеги жолугушуу расмий сапар менен уланып, төрага бир катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер да каралары күтүлүүдө. Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, Русланбек Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...