Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле жолугушууда соода, туризм, айыл чарба, энергетика, жарандарды ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленип, Нурланбек Шакиев кыргыз тарап туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
Өз кезегинде Улуу Британиянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер айтылган бардык маселелер маанилүү экендигин айтып, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө да өзгөчө басым жасарын билдирди. «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин ичинен кыргыз парламенти демократиялык жетишкендиктери, ачык-айкындуулугу менен айырмаланып келет», — деди элчи. Баарлашуу учурунда сөз эркиндиги жана улуттук коопсуздук маселелери да талкууланып, тараптар демократиялык өнүгүүдө улуттук баалуулуктар сөзсүз эске алынышы керектигин белгилешти.