Шакиевдин Казакстанга болгон расмий сапары 1,5 мүнөттүк видеодо

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Казакстанга жасаган расмий иш сапарынан кыска видеону парламенттин маалымат кызматынан таратышты.

Ал 26-июнда расмий сапар менен Казакстанга барган. Сапардын алкагында Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.