Шарапаткан Мажитова: «21 министрдин бирөөсү гана аял»

Кечээ, 25-апрелде «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу улуттук форум өтүп, ага саясатта, ишкердикте, медиада жана башка  тармактарда ийгиликтерге жетишкен лидер айымдар чакырылды.

Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Шарапаткан Мажитова гендердик теңдик маселеси боюнча пикирин билдирип, бул багытта Кыргызстан күчтүү мыйзамдык базага ээ болгонун, бирок көйгөлөр аягына чейин чечилбей келе жатканын айтып өттү.

“Жергиликтүү Кеңештерге аялдардын квотасы киргизилип, айылдык кеңештерде аялдардын үлүшү өстү. Анткен менен бийлик бутактарына, башкаруучулук позицияларга аялдарды алып келүү үчүн дагы мыйзамдарды өзгөртүү зарыл. Маселен, Министрлер кабинетинде 21 мүчөнүн бирөөсү гана аял, ал — Гүлнара Баатырова. 432 айыл өкмөттүн башчысынын ичинен 22 гана аял айыл өкмөттү жетектейт. Андыктан аялдарды бийликтик чечүүчү процесстерине аралаштырбай, четтетилип калгандыктан көптөгөн маселелелер да чечилбей жатат”, — деди Шарапаткан Мажитова.