12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Жаңжалдын жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын Чек ара кызматынан билдиришти. Чыр-чатактан улам 18 миңден ашуун тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланды.
Мындан улам, SUPERTV’нын «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга «Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Шарапаткан Мажитованын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында бул бир жолу эмес, бир нече жолу кайталанып жатат. «Анын үстүнө мал кайтарып жүргөндөрдүн баарында куралдар бар экен деген маалымат келген. Бирок эмнегедир бийлик тараптан тез чаралар көрүлбөй жатат. Биз да ошого нааразы болуп жатабыз»,- деди ал.










