Шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн Кыргыз Республикасына визасыз кирүү каралат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бакыт Төрөбаев туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар менен биргеликте орто мөөнөттүү мезгилге Туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Экономика жана коммерция министрлигине туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программаны (материалдарды, техникаларды, жабдууларды ташып кирүүдө бажы алымдарынан жана салыктарынан бошотуу, ошондой эле эл аралык практиканы эске алуу менен дем берүүнүн башка түрлөрү) иштеп чыгуу мүмкүндүгүн иликтөө тапшырылды. Тышкы иштер министрлигине шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визасыз режимди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу жана бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.