«Ширшовду кустуруу керек болчу». Марлен Маматалиев талкууга түшкөн чечим боюнча пикирин айтты

«Ширшовду кустуруу керек болчу». Депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып талкууга түшкөн чечим боюнча пикирин айтты.

«Төрт ишкананын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүлүшүнө каршымын. Ширшов дегенди тааныбайм, ким экенин билбейм дагы. Эмне үчүн ага каршы чыгып жатам? Ал адамдын кылган иштери тууралуу азыр да эл оозунда бар, билебиз, көргөнбүз. Ал кандайдыр бир учурда кылмыш иштерин жаап алыптыр. Бирок жапкан күндө деле ачык айтайын кустурган деген вариант бар да. Мындай адамдарды кустуруш керек. Анан ушундай жакшы эмес репутациясы бар адамдар келип, төрт ишкананы бириктирип, алардын арасына кирип жүргөнүнө таң калдым. Андай болбошу керек. Аягына чыгабыз», — деди депутат.