ШКУ Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоону легитимдүү деп тапты

Шанхай Кызматташтык Уюму Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоонун жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду тааный турганын билдирди. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы жетекчиси Владимир Норов БШКнын маалымат жыйыны учурунда айтты.

“Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлгөнүнө жана шайлоонун ачык өткөндүгүнө күбө болдук. Мындан улам, Шанхай кызматташтык уюму Кыргыз өлкөсүндө өткөн шайлоону акыйкат жана легитимдүү деп эсептейт”, — деди ал.